Садыр Жапаров КМШ жыйынында эмгек миграциясы тууралуу айтты

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Москва шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан форматында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы мигранттардын кирүүсүнө болгон чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, эмгек миграциясы чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө чакырды.

Элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, эмгекчилердин укуктарын толук форматтуу ишке ашырууга, КМШнын алкагында мигранттардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган чечимдерди издөө боюнча жалпы ишти улантуунун зарылдыгын баса белгилеп өттү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты