Садыр Жапаров христиандарды Рождество майрамы менен куттуктады
- 2 года мурун
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады.
Куттуктоосунда Садыр Жапаров Кыргызстан конфессиялар аралык ынтымагы жана элдердин ортосундагы достугу менен сыймыктанаарын белгиледи. Ошондой эле, Садыр Жапаров Рождество майрамы дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды боорукердик, биримдик жана адилеттүүлүк үчүн сыйынууда бириктирерин кошумчалады.
«… Бул салтанаттуу күнү православдык коомчулуктун биздин коомдун өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. Сиздин эмгегиңиз, рухий кызматыңыз, жакшылыкка жана жаратмандыкка умтулууңуз бийик идеалдарга берилгендиктин жаркын үлгүсү.
Рождествонун жарыгы жүрөгүңүздөрдү кубанычка жана шыктанууга толтурсун, үйүңүздөргө тынчтык жана бакубатчылык алып келсин. Муктаж болгондорго жөлөк болуп, башкалар менен жылуулук жана жарык бөлүшүүгө ар бирибизде күч жана каалоо табылсын.
Сиздерге чың ден соолук, жан дүйнө тынчтык жана бакыт каалайм. Жаңы жыл сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бакыт, ийгилик жана бакубатчылык алып келсин!”
Президенттин куттуктоосунан.
Рождество христиандардын негизги майрамдарынын бири. Бул күнү Иса пайгамбардын туулган күнү деп белгиленип келет.
Муну бөлүшүү




