Рустам Кошонов Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Түркиянын Анталия шаарындагы башкы консулу болуп Рустам Кошонов дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка 3-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кошонов буга чейин Тышкы иштер министрлигинде ар кыл кызматтарда иштеген, министрликтин протокол департаментин жетектеген.

Анталия шаарындагы консулдук 2021-жылы октябрь айында президенттин буйругу менен негизделген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты