Равшан Жээнбековду түндө кое беришти

  • 2 года мурун
Равшан Жээнбековду түндө кое беришти

Саясатчы Равшан Жээнбековду Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан бүгүн түнү саат 2:30да кое беришти.

Бул тууралуу Жээнбеков өзү Фейсбук баракчасында билдирди.

-Саат түнкү 2:30 да мени кое беришти.

Бириккен демократиялык кыймылдын мүчөлөрүнө, журналисттерге, жарандык лидерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем.

Мени менен эмне кылышпасын, мен эркин, демократиялуу өлкө үчүн күрөшө берем.

Мен тышкы карыз боюнча жазгандарымдан баш тартпайм, -деди Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбековду кечээ, 1-июлда, Ленин райондук ИИБден кармап кетишкен.

Кармоонун себеби анын Фейсбуктагы тышкы карыздын көлөмү тууралуу посту себепчи болгон.

Анда бийлик бул жылы тышкы карызды дагы 1,3 млрд долларга көбөйтүүнү көздөгөнүн Равшан Жээнбеков жазган.  

$ 12,5 млн от АБР

$ 500 млн от Российских банков

$ 160 млн от ЕФСР

$ 50 млн от Американской компании

$ 150 млн от ВБ

$ 242 млн от МВФ

$ 33 млн от ЕБРР

$ 100 млн от МАР

$1млрд 247 млн 500 тыс -Эгер бийликтин бардык аракети ишке ашса, анда тышкы карзы ушунча сомго көбөйөт.  

Бул сумманын айрымдары алынган, айрымдары эми алынат, -деп жазган Равшан Жээнбеков.   

Сүрөт: «Политклиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты