Райымбек Матраимовдун Оштогу жери мамлекетке өттү

  • 1 месяц мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Ош шаарындагы үйү жайгашкан жер мамлекетке кайтарылды. “Азаттыкка” бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов 6-июнда билдирди.

«Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү 15, 17 даректеринде жери бар экени буга чейин аныкталган болчу. Учурда Супаналиев 17 дарегиндеги жери мамлекеттин карамагына өттү»- деди ал.

Буга чейин Пирматов Райымбек Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун үйлөрү жайгашкан тилке «Балдар чыгармачыл борборуна» таандык социалдык мекеменин жери экенин, аны мамлекетке кайтаруу иши жүрүп жатканын маалымдаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн дарбазасына февраль айында атайын кызмат мөөр басып кеткен.

Январда Ош мэриясы үйдүн тосмолору мыйзамдуу аянтынан тогуз метр чыгып кеткенин билдирип, дубалдарын бузган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков жана анын жакындары Ош шаарындагы үйүнүн жери боюнча комментарий бере элек.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келип камалган. Матраимовго кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Булак: «Азаттык»

Сүрөт: Акматбек Келдибеков менен Райымбек Матраимовдун үйлөрү. Ош шаары. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты