Райондук сот Исламбек жана Руслан Матраимовдорду күнөөлүү деп таап, 50 миң сомдон айып салды   

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир туугандары Исламбек жана Руслан Матраимовдорго өкүм чыгарды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.    

Биринчи май райондук сотунун 16-августтагы чечими боюнча, Исламбек жана Руслан Матраимовдор кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, ар бирине 50 миң сомдон айып салынды.  

Маалыматта айыпталуучулар прокуратура менен күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөнү белгиленди. Күнөөнү мойнуна алып, материалдык чыгымды толук төлөп бергенден кийин эркинен ажыратууга байланышпаган жаза берилери айтылат.  

“Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин талаптарына ылайык, (Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо), адам күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөндө жана келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Эгерде берененин санкциясында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар жок болсо, адамды күнөөлүү деп тапкан берене менен каралган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө дайындалат” деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 23-августта Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты.

2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында КР мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргыз Республикасына алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.

Ош шаардык соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимов боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салды.  

УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Сүрөт-коллаж: Исламбек жана Руслан Матраимовдор

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты