Райондук сот Даниэл Ажиевди 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды

  • 6 дней мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Даниэл Ажиевди 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

30-сентябрда маалымдалгандай, Даниэл Ажиевге кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси, Интернет аркылуу сойкулук менен алектенүү жайын уюштургандыгы, 161-берене, порнографиялык материалдарды тараткандыгы, 261-берене, уюшкан топ түзүү, 215-берене, алдамчылык жол менен же ишеничке кирип алып, мүлккө зыян келтирүү беренелери менен айып тагылган.   

Биринчи май райондук соту тарабынан Даниэл Ажиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды, ошондой эле эки жыл ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды жана 220 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Даниэл Ажиев кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу, ага издөө жарыяланган. жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалды.

УКМК менен Өзбекстандын компетенттүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 2023-жылдын 4-июнунда Даниэл Ажиев кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди.

УКМК тарабынан Даниэл Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүдө ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Даниэл Ажиев тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан.

Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзгөн. Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайында жаткан Даниэл Ажиев мындан үч ай мурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, мурдагы вебкам бизнес иш-аракеттерин токтотконун видео тасма аркылуу Инстаграм баракчасында билдирген.

“Мен мурдагы алып барган иш-аракеттеримди токтоттум, толугу менен баш тартам. Бир жылдан ашты, мен УКМКнын түрмөсүндө камактамын. Сиздин көңүлүңүздү маанилүү нерсеге бургум  келет. Эң маанилүү дегеним, бул вебкам бизнес менен чет элдин жарандары менен чет өлкөдө гана иштечүмүн, арасында биздин улуттун кыздары жок. Тергөө тарабы да иш кагазында аракеттер чет өлкөдө болгонун жазды. Биздин улутубузга,  биздин коомго, биздин өлкөбүзгө эч кандай зыян келтирилген жок” деди Ажиев.

Сүрөттө: Даниэл Ажиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты