Путин: Батыштын түз кийлигишүүсү Украинадагы жаңжалдын мүнөзүн өзгөртөт

  • 6 дней мурун

Владимир Путин Киевге Орусияга каршы алыс аралыкка учуучу ракеталарды колдонууга уруксат берүү НАТО өлкөлөрүнүн жаңжалга түздөн-түз катышуусуна алып келерин айтты.

Орус президенти батыш өлкөлөрү Украинага Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берсе, бул согуштун мүнөзүн өзгөртүп, Орусияны жаңы чечимдерди кабыл алууга түртөрүн белгиледи.

Путиндин билдирүүсү АКШ менен Улуу Британиянын ортосунда Украинанын алыс аралыкка атуучу куралдарды колдонуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салуу ыктымалдуулугу боюнча талкуу жүрүп жаткан маалда айтылды. АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кир Стармер 13-сентябрда Вашингтондогу жолугушууда бул маселени талкуулашары күтүлүүдө.

Чектөөлөрдү алып салуу боюнча расмий билдирүүлөр болбогону менен, британ булактары Лондон Орусиядагы буталарга сокку уруу үчүн Украинага Storm Shadow ракеталарын колдонууга уруксат бергенин ырасташууда.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты