Президент жеке ишкерлердин салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарындагы «Технопарк» IT-хабынын ачылышына катышты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат жарыяланды.

Президент жеке ишкерлердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады. Ал мындай демилгелер мамлекет менен бизнестин ортосундагы жетишилген өнөктөштүктүн айкын мисалы болуп саналарын белгилеп, мындан ары да өлкө боюнча дал ушундай борборлордун, ошондой эле заводдордун жана ишканалардын ачылышына шарт түзүлөрүн айтты. 

Мамлекет башчыны IT  тармагын өнүктүрүү жаатында алектенген Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын колдоосу менен ата-мекендик программисттер жасаган БилимБот роботу мамлекеттик тилде саламдашып тосуп алды. 

Борборду кыдыруу учурунда Президентке IT-хабдын резиденттери, анын ичинде Кыргызстандагы соода жүргүзуүү, жумуш жана турак жай издөө боюнча эң ири сервис, продакшн компания (D Billions, Жаратман подкаст), ошондой эле криптовалюталар рыногундагы автоматташтырылган соода платформасы тууралуу маалымат берилди. 

IT-хаб санариптик инновациялар, технологиялар жана ишкердик борбору болуп саналат. Бул мейкиндик кеңселерди, коворкинг аймактарын, жыйын залдарды, подкаст жазуу студиясын жана амфитеатрларды бириктирет. Иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, аналитиктер жана башка маалыматтык технологиялар адистери үчүн бардык шарттар түзүлгөн: сүйлөшүү залдары, китепкана, ашкана жана оюн аянтчалары бар. 

Аянты 14 миң чарчы метр болгон IT-хаб 1500 жумушчу ордуна ылайыкталган. Креативдүү мейкиндикти курууга жана жабдууга жумшалган жалпы инвестициянын көлөмү 2 млрд сомду түздү.

Президент жеке ишкерлердин салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады 
Президент жеке ишкерлердин салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады 
Президент жеке ишкерлердин салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады 
Президент жеке ишкерлердин салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады 
Президент жеке ишкерлердин салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады 

Cүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты