Президент Жапаровдун Араб Эмираттарына иш сапары аяктады

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 12-февралдан 14-февралга чейинки иш сапары аяктады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Дубай шаарында мамлекет башчы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди жана БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен жолугушту.

Буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерине токтолуп, Мамлекет башчысы “Masdar” компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан аталган долбоордун алкагында милдеттенмелерин өз убагында аткарарын баса белгиледи.

13-февралда Садыр Жапаров өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуу болду.

13-февралда Президент Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушуп, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банк кызматтарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш сапарын аяктап, презиент 14-февралда Бишкек шаарына кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты