Президент Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттеринин бир катар лидерлери менен телефондон сүйлөштү

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ кечинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчы Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Лидерлер Казакстандагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Тараптар ЖККУнун уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда «Фейсбук» аркылуу жарыялады.

Ал мындай чечим «Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө» байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан. :

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты