Президент Жапаров: Ички рыноктогу тоскоолдуктар актуалдуу тема бойдон калууда
- 2 года мурун
“Ички рыноктогу тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы жолугушууларыбыздын эң актуалдуу темаларынын бири бойдон калууда” деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы жыйынында.
Саммиттин күн тартибинде кеңейтилген жана чакан чөйрөлөрдө 15 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу ж. б. маселелер бар.
Муну бөлүшүү