Президент мэрияга жараксыз автобустарды чыгаруу тапшырмасын берди  

  • 1 год мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 1-апрелде, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

Департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат.

Маалым болгондой, мамлекет башчынын тапшырмасы менен жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн миң жаңы автобустан турган кошумча партия келери күтүлүүдө.

Борбор шаарда транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат.

Президент Жапаров борбор шаардын мэриясына жараксыз болгон бардык автобустарды тез арада темир таштандыга чыгаруу жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орундарды даярдоону тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты