Президент «Клооп Медианын» жабылышы, Болот Темиров жана иликтөө журналистикасы тууралуу пикирин билдирди

  • 2 недели мурун

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде  “Клооп Медианын” жабылышы, өлкөдөгү сөз эркиндиги, иликтөө журналистикасы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Клооп Медианын” жабылышы өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизбейби деген суроого президент мындайча жооп узатты:

-Эч кандай. Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат.

Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса, ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес.

Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө-жарымды каралоо максатында иликтеген үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын.

Болот Темиров “үрө берет, кербен жүрө берет”

Өлкөнүн жогорку бийлиги иликтөө журналистикасына, анын ичинде Болот Темировдун иликтөөлөрүнө кандай карайт деген суроого мындай жооп узатылды:   

 Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте андайларды колдобойбуз.

Болот Темиров «үрө берет, кербен жүрө берет». Анын иликтөөлөрүнө көңүл бурбайбыз,-деди президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

6-июлда Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу боюнча чечими өзгөрүүсүз калды.

Ал эми эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CJP) Жогорку соттун бул чечимин айыптаган билдирүүнү 29-августта кечинде жарыялады.

Анда CJP уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Гүлноза Саид «Эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон «Клооп» иликтөө басылмасын мажбурлап жабуу узак убакыт бою Борбордук Азиядагы басма сөз эркиндигинин чордону болуп эсептелип келген Кыргызстандын тарыхындагы уяттуу эпизод» деди.

Ошондой эле ал Кыргызстандын бийлиги массалык маалымат каражаттарына каршы репрессиялык саясатын токтоосуз түрдө токтотуп, Kloop жана башка бардык көз карандысыз басылмалардын эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керектигин билдирген.

Өткөн жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Аны сот залынан кармап алып кетишкен.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты