Президент Бишкектеги борбордук мечитте ооз ачар өткөрдү

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте намаз окуп, чогулгандардга ооз ачар өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов социалдык тармактарга жазды.

Мамлекет башчы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, руханий жактан бекемдикти жана баардык жакшылыктардын кабыл болушун каалап, биримдиктин, боорукердиктин жана өз ара жардамдашуунун маанисин баса белгиледи.

“Кудай баарыбыздын тилегибизди кабыл кылсын, калкыбыздын бардыгынын көкүрөгүнө ыйман толтурсун. Элибиздин ырыскысын мол кылсын. Мамлекетибизде тынчтык болсун”,- деп белгиледи Жапаров.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты