Президент Бишкекте жол долбоорлорун ишке ашырууга 4,5 млрд сом, таштанды иргөө системасына 100 млн сом бөлдү

  • 12 месяцев мурун

 Мамлекет башчы жол долбоорлорун ишке ашырууга 4,5 млрд сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлдү. 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алган учурда маалымдалды.  

Мамлекет башчы борбор калаанын мэринин шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери тууралуу маалыматын укту. 

2025-жылы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушун аяктоо зарылдыгына басым жасады. 

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты