«ПолитКлиниканын» жактоочусу күбө суроолорго даяр эмес болгондуктан соттук отурумду жылдырууну сунуштады

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы каралып, Энергетика министрлигинин өкүлү күбө катары суралып жатат.

«ПолитКлиника» медиасынын жактоочусу Нурбек Сыдыков күбө анын берген суроолоруна жооп бербегендиктен соттук отурумду жылдырууну сунуштады. «Күбө биз, сот тараптан коюлган суроого жооп бербегендиктен соттук отурумду жылдырып турууну сунуштайм. Энергетикага канча насыя алынып жатканын тактап берүүнү суранганбыз. Жооп болгон жок. Энергетика министрлигинин өкүлүнө даярданып келүүгө убакыт берели», — деди ал.

Судья Жамиля Акылбекова «ПолитКлиниканын» жактоочусунун өтүнүчүн четке какты. «Буга чейин күбө эки жолу келбей соттук отурум жылдырылган. Ишти кароо мөөнөтүн эске алып, соттук отурумду жылдыра албайбыз», — дейт ал.

20-сентябрда соттук отурумга Энергетика министрлигинин өкүлү күбө катары келбей калгандыктан доо арызды кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

11-сентябрда Каржы министрлигинин жана Энергетика министрлигинин өкүлдөрү күбө катары суралган. “ПолитКлиника” медиасынын адвокаты Нурбек Сыдыков күбө катары суралып жаткан Энергетика министрлигинин өкүлүнө даярданып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн келтирип, отурум 20-сентябрга жылдырылган.

4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке каккан. Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактарданалынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты