«ПолитКлиниканын» жактоочусу: «Доогер насыя алган деген сөздү жокко чыгарып берүүнү өтүнүүдө. Бирок андай сөз болгон эмес»

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин «ПолитКлиника» медиасына каршы доо арызы каралууда. Учурда жарыш сөз болуп жатат.

«ПолитКлиника» медиасынын жактоочусу Нурбек Сыдыков насыя алуу системасы өнүккөн өлкөлөрдө дагы бар экенин эскертти.

«Дүйнөдө насыя алуу, берүү системасы өнүккөн. Биз эмес өнүккөн өлкөлөрдө дагы насыя алуу системасы бар. Насыя албайт деген сөз контекстте каралоочу деп таанылбашы керек. Доогердин жокко чыгарып берүүнү өтүнгөн жерлерине көз салсак. Доогер тарап «Кыргыз-Орус» фондунан 22,9 миллион доллар насыя алган» деген сөздү ЭлТРдин ишмердик беделин тебелеген, чындыкка төп келбейт деп табууну, маалыматтарды интернет жерлеринен алып салууну, маалыматты төгүндөнү суранып жатат. Видеону көрүп чыктык «насыя алган» деген сөз жок. Ал жерде «Кыргыз-орус фондунан 22,9 миллион доллар ала турганын кабарлаган деп жазылган», — деди жактоочу.

Ал эми «ПолитКлиниканын» адвокаты Алтынай Исаева буларды кошумчалады:

-Мамлекеттик телеканал жеке, көз карандысыз медиага ар намыс, кадыр-баркыбызга шек келтирди деп ЭЛТРдин “Садыр Жапаров энергетика кредит алган эмес” деген видеосюжетин жокко чыгарып, 10 млн сомдук моралдык доону өндүрүп берүүнү суранып жатат.  Ушул материалдын ичинде кайсы жеринде, кайсы сөз айкалышты алар ЭлТР телеканалына, анын кадыр-баркына шек келтирип жатат деген жерине кесиптешим токтолуп кетти. Эң негизгиси — алты сөз айкалышы алардын кадыр-баркына шек келтирбейт жана алардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү эмес экенин биз сот отурумунда так, даана көрсөтүп бердик,-деди жактоочу Алтынай Исаева. .      

4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке каккан. Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактарданалынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты