Поддубный лигасы: Акжол Махмудов орусиялык айтылуу балбан Роман Власовду жеңип алды
- 12 месяцев мурун
26-апрелде Алматы шаарында күрөш боюнча Поддубный лигасынын мелдешинде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов орусиялык балбан, дүйнөнүн үч жолку, Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону Роман Власовду жеңип алды.
Поддубный күрөш лигасы — кесипкөй балбандардын мелдеши, ал дүйнөнүн мыкты спортчуларынын катышуусунда өтөт.
Мелдеш 1:1 эсеби менен, Акжол Махмудовдун акыркы аракетинин жеңиши менен аяктады.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү