Пластик чыгаруучу заводдон өрт чыкты
- 3 года мурун
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан «Ак-Тилек» пластик чыгаруучу заводунан бүгүн, 7-ноябрде өрт чыкты.
Өрт саат 12:21де чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Муну бөлүшүү