Парламент төрагасы камактагы журналисттер маселеси көтөрүлөрүн айтты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 5-ноябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады.  

Парламент имаратында өткөн салтанатка бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, журналистика тармагында эмгектенген адистер жана агартуучулар катышты. 

Жогорку Кеңештин төрагасы камактагы журналисттер боюнча суроого жооп берип, мындай деди:

“Жаңылып-жазып ушундай учурга дуушар болгон кесиптештер боюнча маселени сөзсүз карайбыз. Бирок бул кийинкилерге сабак болуп, жоопкерчилик эмне экенин билишибиз керек. Бирөөгө акаарат келтирүү, айрыкча мамлекеттин атына шек келтирүү туура эмес экенин сезиш керек. Мен муну айтам. Бул маселени карайбыз. Мыйзамдын чегинде балким жеңил-желпи иш-чара менен бул маселени чечебиз”, — деди Нурланбек Шакиев.

31-октябрда Бишкек шаардык соту журналисттер Азамат Ишенбеков менен Махабат Тажибек кызынын баш коргоо чарасын кароодон баш тартты.

10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча чечим чыгарган. 

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Анда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратып, Актилек Капаров менен Айке Бейшекееваны үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарган. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталышкан.  

Сүрөттө: Камактагы Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты