Ош: жигердүү жарандар айыл турмушун жакшыртууга жардам берүүдө

  • 2 года мурун

Ош облусунун Ак-Жар жана Шагым айылдарында жигердүү жарандардын аракеттери менен көчө жарыгы жана жаңы балдар аянтчасы пайда болду. Бул демилгелер 2022-жылдын март айында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен жүзөгө ашырылды. 

Ак-Жарда көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртуу жана Шагымда балдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү үстүндө жигердүү айыл тургундарынан турган демилге топтору иштеди. Жергиликтүү активисттер ресурстарды мобилизациялоо менен алектенип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкерлерди кызматташууга тартып, юридикалык маселелерди чечүү үстүндө иш алып барып, айылдаштары менен иштешти. 

Ошентип, Ак-Жарда демилге тобу каржылоону мобилизациялап, жалпы узундугу 8 км түзгөн айылдын негизги 11 көчөсүнө чырактарды орното алды. Бул иш жергиликтүү бийлик жана айылдык демөөрчүлөр менен биргеликте жүргүзүлдү. Айыл тургундары жакшы жарыктандырылган көчөлөрдүн аркасы менен айылда караңгы киргенде ыңгайлуу жана коопсуз болуп калганын белгилешти. 

Шагымда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы ойной ала турган жаңы балдар аянтчасы пайда болду. Жергиликтүү тургундар аянтчаны жасалгалоо үчүн акча гана топтобостон, ашар жолу аркылуу анын курулушуна да катышты. Демилге тобу курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөп, чогулган каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын камсыздады.

Ак-Жар айылдык орто мектебинин мугалими жана демилге тобунун мүчөсү Шайыргүл Көлбаева өз ою менен бөлүшүп: «Демилге тобу менен иштешип, көчөлөрүбүздүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча үмүттөрүбүздүн орундалганына күбө болуп, элибиз менен бирге айылыбыз үчүн көп нерсе жасап, ийгиликке жетишебиз деп ишенем», – деди.

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору бул демилгелерди активисттерди окутуу, юридикалык жана техникалык кеңеш берүү аркылуу колдоду. Мындан тышкары долбоор керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн чакан гранттык каражаттарды бөлүп берди.    

USAIDдин демократия жана мамлекеттик башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысы Ноэль Бауэр: «Ак-Жар жана Шагым айылдарынын жашоочуларынын демилгелери – бул жигердүү жарандар өз айланасын кантип өзгөртүп, жакшырта аларынын мыкты өрнөгү. Биз USAIDде жигердүү жана демилгелүү жарандар – демократиялык коомдун негизи деп ишенебиз», – деп белгиледи.

«Жигердүү жарандар»  бул USAID тарабынан каржыланып, Кыргызстанда 2019-2024-жылдары FHI 360 уюму ишке ашырып жаткан, жарандык катышууну колдоого багытталган беш жылдык долбоор. Долбоордун негизги максаттарынын бири жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жарандык коом, өкмөт жана жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Долбоор 2020-жылдан бери Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынын он муниципалитетинде жарандардын демилгелерин колдоп келүүдө. Бул демилгелерге коомдук жайларды куруу, чоң көчөлөрдүн четине коопсуз тротуарларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдардын музыкалык билим алуу, инклюзивдик оюн аянтчаларынан пайдалануу жана мектептерде жылуу жана коопсуз дааратканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу кирет.

Ош: жигердүү жарандар айыл турмушун жакшыртууга жардам берүүдө
Ош: жигердүү жарандар айыл турмушун жакшыртууга жардам берүүдө
Ош: жигердүү жарандар айыл турмушун жакшыртууга жардам берүүдө
Ош: жигердүү жарандар айыл турмушун жакшыртууга жардам берүүдө
Ош: жигердүү жарандар айыл турмушун жакшыртууга жардам берүүдө
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты