Ош облусунун бир нече районунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылууда — даректери

  • 2 года мурун

Ош облусунун бир канча районунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылып жатат. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинген.

Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн.

Көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон сатып жаткан кампалардын дареги:

Ноокат району

1. Мирмахмудов айыл өкмөтү, аэропорт участкасы

2. Кулатов айыл өкмөтү, Абшыр-Ата айылы

Кара-Суу району

1. Жоош айыл өкмөтүнүн имараты

2. Сарай айыл өкмөтүнүн имараты

Кара-Кулжа району

1. Кара-Кулжа айылы, болжол » Кулун-Ата» АЗС

Араван району

1. Алля Анаров айыл өкмөтү, Пахта завод

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында Мурманск көчөсү 1б/1, Мурманск көчөсү 30Б жана 306/2а даректеринде көмүрдүн баасын 3000 сомдон саткан кампа ачылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты