Ош облусундагы «Карамык» жана «Бордөбө» көзөмөл-өткөрүү жайларынын иши жандандырылды

  • 1 год мурун

 Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон бүгүн, 8-июлда, видео-байланыш режиминде Ош облусундагы «Карамык» жана «Бордөбө» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти.

Баяндаманы уккандан кийин Президент Садыр Жапаров көзөмөл өткөрүү жайынын ишин баштоо боюнча тескеме берип, андан соң кыргыз тарапта шлагбаумдар көтөрүлдү.

Андан кийин Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы көзөмөл өткөрүү жайынынын ишин кайра жандандыруу боюнча буйрук кылып, шлагбаумдар көтөрүлдү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты