Ош облусунда жер титиреди

  • 4 months мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-майда саат 19:24тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында – 3,5 балл, Кара-Дыйкан, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында – 3 балл, Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында – 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты