Ош облусунда жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-мартта, саат 10:42 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу жана Сары-Могол айылында 2 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү