Ош облусунда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 10 месяцев мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-августта, саат 16:31де Ош облусунда очогунда күчү 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. :
Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кулчу жана Кара-Шыбак айылдарында – 5 балл, Дароот-Коргон, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме айылдарында – 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Кабык жана Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин жеткен.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




