Ош обл. административдик сот кызматкерлери кызматынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунун административдик сотунун кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына шектелип жатканын билдирди.
Маалыматта О.Н.О., А.у.Б. жана К.у.Б. Ош облусунун административдик сотунда иштеп жүргөндө, иштебеген кишилерди иштеди деп мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги айтылат.
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын чогулткан материалдары боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




