Орусиянын Томск облусунда мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу салынды

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Томск облусунда мигранттарга такси, коомдук тамактануу жана билим берүү тармагы баштаган бир катар жумуштарда иштөөгө тыюу салынды.

Бул тууралуу облус губернатору Владимир Мазур Телеграм-каналында билдирди.

Анын айтымында, бул чечимди «антитеррордук комиссия улуттук диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда» кабыл алган.

1-ноябрдан ишке кире турган эрежеге ылайык, эмгек патенти бар чет өлкөлүк жарандарга тамак-аш өндүрүүдө, чекене соодада, таксиде, коомдук транспортто, мейманкана жана ресторан бизнесинде, кадр тандоодо, коопсуздук кызматында, жалпы, спорт, орто кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелеринде иштөөгө болбойт.

Мурдараак «Агентство» басылмасы мындай чектөөлөр Орусиянын аймактарынын үчтөн биринде бар экенин эсептеп чыккан. Мындан тышкары аннексияланган Крымда да мигранттардын иштөөсүнө чектөөлөр киргизилген.

Көбүнчө мигранттарга таксиде иштегенге уруксат берилбей жатат. Тагыраагы мындай чектөө 27 аймакта бар. Ал эми 18 аймакта соодада эмгектенүүгө чектөө киргизилген.

2023-жылдын аягында бийлик орус паспортун алган, бирок Украинага согушууга баргысы келбеген чет элдиктерди аныктоо боюнча рейддердин санын эки эсе көбөйткөн.

«Коммерсант» басылмасы жакында Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер иштелип чыкканын жазган. Анда өз тилинде шыбырашып сүйлөшүүгө, диний жөрөлгө үчүн мал союуга тыюу салган бир катар чектөөлөр бар.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты