Орусияда кыргызстандык бала багуучу эки жашар кыздын өлүмүнө шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык бала багуучу эки жашар кыздын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта кыргызстандык бала багуучу караган эки жашар кыздын каза болуп калганына байланыштуу 1987-жылы туулган «И.Н.М.» аттуу кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынганы айтылат.

«Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, «И.Н.М.» бала багууда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүгө жол берген, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп жазылган маалыматта.

Буга чейин орусиялык айрым басылмалар бала багуучу кыздын өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын жазышкан.

Кылмышка шектелип жаткан жарандын жакындары, жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты