Орто-Сай айылында чөп жыйылган сарайдан өрт чыкты
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Орто-Сай айылында бүгүн, 25-июнда, Иманалиев көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:50дө Ленин район жалпы эки өрт өчүрүү унаалары тартылган.
Өрттөн болжол менен 150 чарчы метр сарай, 200 түк чөп жана куураган чөп күйүп, турак үйдү да жалын каптаган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




