Орозайым Нарматова: «Ден соолугум бир аз жакшы, ооруканадан чыктым»

  • 1 год мурун
Орозайым Нарматова: «Ден соолугум бир аз жакшы, ооруканадан чыктым»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова ден соолугунун абалы тууралуу журналисттерге комментарий берди

«Абакка жатканга чейин жүрөгүм ооруй турганын билген эмес экем. Ден соолугум бир аз жакшы, ооруканадан чыктым. Негизи биздин күнөөбүз жок. Үй камагында отурганыбыз деле мыйзамсыз», — деди ал.

Бүгүн, 15-февралда Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандардын баш коргоо чарасы каралат.

Өткөн жылы 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

“Кабар” агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан.

Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу абактан ооруканага которулган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты