Оператор Калыс Ашырбаев үй камагына чыгарылды
- 2 года мурун
Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши боюнча кармалып, камакка алынган оператор Калыс Бактыбек уулу (Ашырбаев) үч камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 13-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Журналист Санрабия Сатыбалдиева өткөн жылы 4-ноябрга караган түнү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалган. Кийин кош бойлуу болгондуктан үй камагына чыгарылган.
Бул ишке байланыштуу оператор Калыс Ашырбеков да кармалып, тергөө абагына киргизилген.
10-январда журналист менен оператордун иши сотко өткөнү белгилүү болгон.
Муну бөлүшүү