Olympic Day спорттук майрамы 21-июнда өткөрүлөт

  • 4 месяца мурун

Мурда жылдырылган Olympic Day эл аралык спорттук майрамы 21-июнда Бишкек шаарындагы Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлөт.

Катышуучулар саат 09:00дө чогула баштайт, ал эми чуркоо саат 10:00гө белгиленген.

Чуркоо маршруту Абдымомунов, Орозбеков, Раззаков жана Рыскулов көчөлөрү аркылуу  Лениндин эстелигинин айланасы менен өтөт.

Иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу 21-июнда саат 08:00дөн 14:00гө чейин чуркоо маршруту өткөн көчөлөрдө автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана меймандарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жүрүү багытыңыздарды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты