Облустук сот райондук соттун Олжобай Шакирди 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды (Видео)

Бүгүн, 15-июлда, Чүй облустук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызы боюнча сот чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Чүй облустук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист, журналист Олжобай Шакирдин соту болду. Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарды.

Буга чейин 8-июлда өтөөрү белгиленген сот процесси болбой калган.

Анын ишин карап жаткан соттук коллегиянын бир судьясы пара алууга шектелип кармалган. Ошол себептен ишти кароо башка судьяга өткөрүлдү.    

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облустук сотунун судьялары Калыбеков Улукбек  менен Абдырашитов Тилек Арстанбековичти кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу”, “Пара алуу” жана  “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып коюлгандыгын билдирген.  

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 2023-жылы 25-августта билдирген. Ал эми өткөн жылы 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин ал чечим узартылып турган.

Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталууда. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган.

Сүрөт: Сот процессинде. Адвокат Акмат Алагушев жана тор артында Олжобай Шакир. 15-июль 2024-жыл. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты