Нургазы Асылбеков Талас шаарынын мэри болуп дайындалды
- 9 месяцев мурун
Нургазы Асылбеков Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Тескеме тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтында жарыяланды.
Нургазы Асылбеков буга чейин президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.
Сүрөттө: Нургазы Асылбеков. Turmush
Муну бөлүшүү




