Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

  • 2 недели мурун

Ош облусунун Ноокат районунун судьясы А.Г.А. тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», ошондой эле «Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу» фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

“Ноокат РИИБ тарабынан 707 гр салмактагы баңги заттарды (гашиш) сатуу учурунда Н.И. кармалгандыгы аныкталган. Н.И.нин жашаган жерин тинтүү учурунда салмагы 2 кг. (гашиш) баңгизаты табылып, жалпы салмагы 2,7 кг баңги заты алынган. Н.И.ни тинтүү  учурунда таңгакталган жана электрондук таразадагы баңгизаттар табылган, бул аларды сатуу ниетинен кабар берет. Бирок, судья А.Г.А. соттук чечим чыгарууда кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесин (сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) 283-беренесине (сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) кайра квалификациялаган” деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишинде жетиштүү далилдерге карабастан, судья атайылап сот актысын чыгарган жана соттолуучуга карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү менен пробациялык көзөмөл колдонгон.

Ошол эле учурда айыпталуучу Н.И. качуу үчүн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, мамлекеттик чек араны кесип өтүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

2025-жылдын 13-июнунда Соттор кеңеши судья А.Г.А.ны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

2025-жылдын 21-июнунда А.Г.А.га жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 352-беренесинин 1-бөлүгү (атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу) боюнча айып тагылып, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин А.Г.А.нын  оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу чарасы тандалган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты