Непалдагы суу ташкындан улам кеминде 66 киши каза тапканы айтылды  

  • 1 неделя мурун

Непалдагы суу ташкын жана жер көчкүдөн улам кеминде 66 киши каза таап, 69 киши дайынсыз болууда.

Бул тууралуу Reuters агенттиги 28 -сентябрда билдирди.

Непалдын ички иштер министрлигинин өкүлү Дил Кумар Таманг каза тапкандардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирген, жума күнү 69 киши дайынсыз болуп жатса, 60 киши жаракат алган.  

Каза тапкандардын көбү Катманду өрөөнүндө болгон, ал жакта 4 миллион киши жашайт, борбор шаар жайгашкан. Суу ташкын унаа кыймылын токтотуп, турмуш ыргагынын кадимки агымын токтоткон.   

Маалыматта айтылгандай, куткаруучулар тик учак жана резина кайыктарды колдонуп, үйдүн чатырына же бийик жерлерге суу ташкындан коргонуп чыгып алгандарды куткарышкан.

Өлкө бийлиги дарыялар ташкындап, жээгинен чыгып, жолдор менен көпүрөлөрдү каптап калганын билдиришкен.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты