Нарын шаарында кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн мугалим боюнча тергөөгө чейинки иштер башталды (Видео)  

Нарында англис тил борборлорунун биринде 60 жаштагы мугалим кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн окуя боюнча шаардык ички иштер башкармалыгы ишти каттоого алып, тергөөгө чейинки териштирүү башталды.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бул факты Нарын шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды. Азыркы учурда тиешелүү кызматкерлерге тергөө тапшырмалары, окуя боюнча кимге кандай тапшырмалар берилгендиги боюнча ар тараптуу жана объективдүү териштирүү жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат болуп калса, билдиребиз” деп айтылат маалыматта.

 

«ПолитКлиника» медиасы Нарын шаарында англис тил курсунда окуган жаш кыздар сексуалдык асылууга кабылып жүргөнү тууралуу видеотасмада айтып берген. Бул тууралуу кыздар Инстаграмдан атайын баракча ачып, өз окуяларын баяндашты. Кыздардын айтымында, Нарындагы англис тили борборлорунун биринде сабак берген 60 жаштагы мугалим аларга сексуалдык ыдык көрсөтчү.

Аталган окуя тууралуу «ПолитКлиниканын» ВИДЕОдо:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты