Нарын облусунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 1 месяц мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бөгөн, 5-июнда, саат 16:18дө Нарын облусунда очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылдарында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Кара-Булак айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышка, Ак-Бейит айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Казыбек айылынан 28 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 29 чакырым түштүк-батышта, Кара-Булуң айылынан 33 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 79 чакырым түштүк-батышта болгон.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү