Нан кымбаттап, май арзандады

  • 2 месяца мурун

Биринчи сорттогу ундун бир килограмм наны 3,9 сомго, же 6,6 пайызга, ал эми лепешка 15 сомго, же 18,5 пайызга кымбаттаган.

Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын отчетуна ылайык, 2023-жылга салыштырмалуу быйыл биринчи сорттогу буудай уну 0,1 сомго арзандаган.

Ошондой эле антимонополдук кызмат билдиргендей, макарон азыктары дагы кымбаттаган. Алсак, вермишелдин бир килограммы былтыр январь айында 67,7 сом болсо, быйыл ошол эле айда 6,5 сомго кымбаттап, жаңы баасы 74,2 сомду түзгөн.

Ошондой эле спагетти 3,1 сомго, ал эми рожки 7,9 сомго кымбаттаган. Ал эми рафинаддалган күнкарама майы 19,3 сомго, кумшекердин килограммы 10,5 сомго, арзандаган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты