Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолу ачылды

  • 1 год мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-январда Ош облусунда Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун бир тарабы ачылганын кабарлады. Бул жолго эки күн мурда көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткү пайда болгондуктан жол убактылуу жабылган.

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 5-январда жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты