Мыйзамда «аялдардын ишкердиги» аныктамасы киргизилди
- 4 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Маалыматта айтылгандай, мыйзамдын максаты жана милдети — аялдар ишкердигине болгон мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.
Мыйзам ишкердик субъектилери болуп саналган ишкердик иш-аракетти караган “аялдардын ишкердиги” аныктамасын киргизүүнү белгилейт, алар:
– ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;
– акцияларынын же катышуу үлүшүнүн 51%дан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык, жана штаттык кызматкерлеринин 51%дан кем эмесин аялдар түзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан