Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев ноябрга чейин камалды

  • 3 недели мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 4-ноябрга чейин камады. Бул тууралуу «Азаттык» аталган соттун басма сөз кызматына шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Зилалиевдин бөгөт чарасы 14-сентябрда каралган. Ал №1 тергөө абагына киргизилген.

13-сентябрда Экс-вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин экс-директору Мелис Сатыбеков кармалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) алар лицензия берүү боюнча коррупцияга шек саналып жатканын билдиргени айтылган.  

Эске сала кетсек, 2022-жылы козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалган.

Анда Зилалиев 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталган эле.

Бирок ал айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында Зилалиев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2010-2017-жылдары ар кыл жетекчи кызматтарда, анын ичинде КР Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору, вице-премьер, ошондой эле мамлекеттик мүлк фондунун директору болуп иштеп, расмий кирешесинен тышкары байлык топтогондугу боюнча айыпталган.

Дүйшөнбек Зилалиев ошондой эле 2018-жылы декабрда мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган. 2020-жылы октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2021-жылы июнда Жогорку Сот мурдагы инстанциядагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого жөнөткөн. Мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тергөө абагынан бошотулган. 

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты