Министрлик жеке мүлктү легалдаштыруунун артыкчылыктарын колдонууга чакырды

  • 6 дней мурун

Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылган мыйзамда каралган бардык артыкчылыктарды колдонууга чакырды.

2023-жылдын 9-июнунда «Физикалык жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана амнистия берүү жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирген.

Министрликтин маалыматында белгиленгендей, мыйзам физикалык жактарга өз активдерин ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Декларация 2023-жылдын 1-январына карата болгон активдерди, анын ичинде башка адамдарга катталган же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан активдерди камтыйт.

Декларант өз активдеринин сакталышына жана мамлекеттик органдар тарабынан декларация берүүгө чейинки мыйзам бузуу фактылары үчүн куугунтукка алынбоого кепилдик алат.

Мындан тышкары, Мыйзамда бирдиктүү салык декларацияларынын жоголгон учурда мурдагы активдер декларанттын чечими боюнча атайын декларацияга кайра киргизилиши мүмкүн экени белгиленген. Мыйзамга каршы келген башка укуктук ченемдер декларация берген адамга каршы колдонулбай тургандыгы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров буга чейин үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга жазылганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирген. Президент мүлкүнүн баасын 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.

Бир нече депутат бул мыйзам коррупциядан туйтунган аткаминерлердин мүлкүн адалдаштырууга жол ачат деп кескин сындап чыгышкан. Мындай сындарга Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү жооп берип, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүү керек экенин айтышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты