Министрлик ашууга жол тарткандарга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат

  • 7 месяцев мурун

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайынан улам, транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

18-сентябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы катталып, Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларына 30 см калыңдыктагы кар жаады. Ошондой эле Долон ашуусуна кыламык кар жаап, күн бүркөк. Барскоон-Ак-Шыйрак, Каракол-Эңилчек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорундагы бул ашууларда учурда каттам бар жана өлкөнүн башка жолдорунда да унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок. 

Буга чейин Кыргызгидромет борбору 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаай турганын билдирген. Ал эми күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаай турганы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты