Министр Ибраев: Быйыл суу көп топтолду, бирок электр энергиясынын таңсыктыгы бар

  • 5 дней мурун

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Биринчи радиого берген маегинде быйылкы жылы электр энергиясынын таңсыктыгы бар экенин билдирди.

“Көйгөйлүү маселе, жылда кыш келатканда ойлонткон “свет өчөбү, электр энергия” жетеби деген маселе. Өзүңөр көрүп жатасыңар, былтыр 11 млрд 700 млн куб суу менен дагы калкыбызды жылуулук менен камсыз кылдык. Суубуз азыр көбүрөөк, калган 3 млрд 900 млн дефицит электр энергиясы бар, ошону чакан ГЭС, чоң ГЭСтер менен жабабыз, иш башталып жатат. Мурунку жылдары чакан ГЭСтерде 200-300 млн квт саат жылына өндүрсө, азыр 750 млн квт саатка жетти” деди энергетика министри Таалайбек Ибраев Биринчи радиого берген интервьюсунда.   

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча, бүгүн, 2024-жылдын 1-октябрына карата, Токтогул ГЭСиндеги сууну көлөмү — 13,033.29 млр кубду түзөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты