ТИМ: мигранттар Орусиянын аймагына кирүү үчүн биометрикадан өтө баштайт

  • 17 часов мурун

2024-жылдын 1-декабрынан тарта Орусияда чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө кирип-чыгуу үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек болгон эксперимент башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын жарандары Орусиянын мамлекеттик чек арасынан өтүп жатканда Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. 

Биометрикалык маалыматтарга бетти санарип сүрөткө тартуу жана манжалардын папиллярдык издерин сканерлөө кирет.

ТИМ кыргызстандык жарандарды Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарын эске алууну жана жогоруда аталган чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга алдын ала даяр болууга чакырды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты