Мэрия: №222 автобустун кыймыл жолу өзгөрдү. (Карта)
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарында 9-августтан тарта №222 автобустун маршруттук каттамы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдын схемасына Кара-Жыгач конушу киргизилген, бирок акыркы аялдамалар өзгөрүүсүз калган. Ошондой эле, бул өзгөртүүлөр борбор калаа тургундарынын кайрылууларынын негизинде киргизилгени айтылды.

Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү