Акыйкатчы институту Марат Казакпаевге меджардам канчалык жеткиликтүү болгонун териштирүүдө

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту саясат талдоочу Марат Казакпаевге медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Казакпаевдин жубайы жардам сурап аларга 6-июнда кайрылган. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Казакпаев быйыл 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кайра абакка жеткирилгени маалымдалды.

9-июндун таңында саясат талдоочу комага түшкөн абалда ооруканага жеткирилген.

Акыйкатчы инситутут Марат Казакпаевдин жубайы алгачкы ирет 2021-жылдын 4-майында Акыйкатчыга арыз менен кайрылганын маалымдады. Ал кездеги Акыйкатчы Токон Мамытов 7-майда УКМКнын тергөө абагына барып Казакпаев менен жолуккан. Жолугушуу учурунда ал абактагы кармоо шарттарына дооматы жок экенин айткан. Мындан тышкары жактоочусунун арызын карабоону суранып, тергөө менен кызматташууга бара турганын айткан.

2021-жылдын 31-майында Акыйкатчы институтутунун кызматкерлери Казакбаевдин жубайынын дагы бир кайрылуусу боюнча УКМКнын тергөө абагына барышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Марат Казакпаев кан басымы жогорулап жатканын жана бөйрөк жетишсиздиги бар экенин, камалгандан бери эч кандай тергөө аракеттери болбогонун айтып, ага коюлган айыптарга нааразы болгон. Ал тургай өзүнө карата козголгон кылмыш ишин тергеп жаткан тергөөчүнүн аты-жөнүн билбей турганын билдирген. Мындан тышкары саясат талдоочу УКМКнын кызматкерлери ага психологиялык кысым көрсөтүп, тергөөчүлөр сунуштаган адвокат менен иштешүүнү талап кылып жатышканын айткан.

Марат Казакпаев мамлекеттик кызматкер эмес экенин жана жашыруун документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок экенин белгилеп, камакка алынып, кысымга кабылып жатканын өзүнүн саясий позициясы менен байланыштырган.

Акыйкатчы аппараты бул жагдайлар боюнча чара көрүүнүн таап кылып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жөнөткөн.

Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалганын дал ушул маекке байланыштырган. Тергөөнүн материалдары жашыруун болгондуктан сот жабык өтүп жатканы маалымдалган.



Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты